Haber

Алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде ОшМУнун студенти алтын медаль тагынды

22-23-декабрда күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн алыш күрөш боюнча XVII дүйнө биринчилигинде ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Марлен Абдурасулов 60 кг салмакта 1-орунду багындырып, алтын медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке 27 өлкөнүн 275 спортчусу катышкан.

Өлкөбүздүн намысына жараган Марлен Абдурасуловду ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинде ректор К. Кожобеков жалпы жамааттын атынан куттуктап, окууда, спорт жаатында ийгиликтерди каалады.

1840 15:53 24-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|