Haber

Пекинде «Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун» түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 12-декабрда Пекин шаарында Кытайдын Борбордук улуттар университетинин ректору Хуан Тайян менен «Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун» түзүү жөнүндөгү келишимге кол койду.

Келишимге кол кою аземине Кыргыз Республикасынын КЭРдеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова да катышты. Бул келишимдин ишке ашуусунда КРнын Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин жана КЭРдеги Кыргызстандын элчилигинин колдоолору чоң болгондугун белгилейбиз.

Биргелешкен гуманитардык алмашуу борборун түзүү ОшМУ менен КЭРдин Пекин шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларынын ортосунда болгон кызматташуусун жаңы баскычка чыгарууга жол ачат деп ишенебиз.

2012 09:51 13-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|