Haber

Нормативдик талаптарды жайылтуу максатында флешмоб уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин базасында 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан флешмоб иш-чарасын өткөрүлдү.

Флешмобго Ош шаарындагы 5 жогорку окуу жайынын жетекчилери, орун басарлары, студенттер катышышты.

Уюштуруучулардын айтымында флешмобдун максаты нормативдин комплексин жайылтуу жана Кыргызстандын жаштарынын маданий байланышын тарбиялоо болуп саналат.

Салтанаттын ачылуу аземинде Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясынын директору Эркинбек Абдылдаев, дирекциянын директорунун орунбасары Гульмира Джаркинбаева, ОшМЮИнин ректору Эгемберди Токторовдор сөзгө чыгып, студенттерди дени сак болууга, спорт менен машыгууга чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер нормативдик талаптарды тапшырууга катышышты. Флешмобдун катышуучуларына дирекциянын атынан атайын нормативдик талаптарды жайылтуу максатында эстелик футболкалар тапшырылды.

1768 15:08 12-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|