Haber

Грузияда өткөн олимпиадада ОшМУнун жаш жеткинчектери “Супер чемпион” аталды

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 2-окуучусу, бир туугандар Рустамова Амина жана Алия Грузияда өткөн “Менталдык арифметика” боюнча олимпиадага катышып, байгелүү орундарды багындырып келишти.

Аталган мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Таджикистан, Грузия өлкөлөрүнөн жалпысынан 70 окуучу катышышкан.

Сынакка катышкан «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 3-классынын окуучусу Рустамова Амина баш байгени жеңип алып “Супер чемпион” аталса, 1-классынын окуучусу Рустамова Алия 3-орунду багындырып, эже-синдилер, диплом, кубоктор менен сыйланышкан.

Жеңүүчү кыздарды менталдык арифметика предметинен даярдаган, «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун волонтеру, ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин 3-курсунун студенти Айтолкун Абдиваситова окуучуларды ата-энесинин колдоосу менен олимпиадага жетектеп барган.

Университеттин административдик кеңешинде жеңиш менен келишкен кыздарды куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов кыздардын окууларына ийгилик, ден соолук, бактылуу балалык каалап, атасы Расул Рустомовго жана апасы Каныкей Тороевага университеттин ыраазычылык баракчасын тапшырды.

1816 10:38 10-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|