Haber

“Орто Азия мамлекеттеринде социалдык иштер боюнча кадрларды даярдоо тенденциялары жана көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде “Орто Азия мамлекеттеринде социалдык иштер боюнча кадрларды даярдоо тенденциялары жана көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар 18-19-ноябрда уюштурулду. Семинар окуу турунун алкагында уюштурулуп, алгачкы күнү ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын жамааты менен биргеликте коноктор эл аралык семинарга катышышты. Экинчи күнү социалдык иштер кафедрасынын практикалык базаларында болушуп, келишим түзүлгөн уюмдардын ишмердүүлүктөрү менен таанышышты.

Аталган семинарга Тажикстандан Тажик улуттук университетинин, Өзбекстандан Мирзо Улукбек атындагы Улуттук университетинен жана Ош, Жалал-Абад облустарындагы 6 жогорку окуу жайлардан социалдык иштер кафедраларынын өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү министрлигинен өкүлдөр, бул тармакта кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүп келе жаткан коомдук фонддордун жетекчилери катышышты.

Таджикистандан Информациялык технологиялар факультетинин деканы, профессор Субхон Ашуров, Илимий-изилөөчү институттан Навруз Джафаров, Тажик-Славян университетинин доценти Валиджон Абдухамитов, Өзбекстандан профессор Марифат Ганиева, кафедра башчы Нодира Латипова, Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинен Кудратулло Курбанов жана башкалар конок катары катышышты.

Алгач келген коноктор ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, пикир алышышты. Семинардын катышуучулары ОшМУнун социалдык иштер кафедрасы менен болгон байланыштары, кызматташтыктары боюнча айтышты. Учурда социалдык кызматкерлерди даярдоо багытында жасалып жаткан иштер, алдыдагы кызматташтык алакалар боюнча маалымат алмашышты.

Семинарга келген коноктор тегерек столдо чогулуп, учурдагы социалдык кызматтаркерлерди даярдоо багытында жаңыча билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бул багыттагы артыкчылыктарды жана көйгөйлөрдү ортого салышты. Ошондой эле бул багытта ОшМУнун жүргүзүп жаткан алдынкы тажрыйбалары жайылтылды. Семинарда ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын доценти Нурзинат Токторбаева модераторлук кылды.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Өзбекстанда, 2019-жылы Таджикистанда кызматташтыктар боюнча келишимге кол коюлган. Аталган жыйындарга ОшМУдан ОшМУнун социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Кундуз Каримова катышып келген.

1844 11:38 19-11-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|