Объявления

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана шайлоо өткөрүү жөнүндө ЖАРЫЯ

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жана алардын документтерин кабыл алуу жарыя чыккан күндөн баштап 2019-жылдын 24-октябрында саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер тапшырылат:

· ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик ЖОЖдун ректору кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;

· Мамлекеттик ЖОЖдун ректорунун кызмат ордуна талапкерлердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);

· Талапкерлердин фамилиясы, аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн библиографиялык маалыматтар;

· Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик ЖОЖдун ректору кызмат ордуна талапкерге коюулуучу шарттарды ырастаган тиешелүү документтер.

Арыздар (ага тиркелген документтер) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү 331, №128 кабинет.

Байланыш телефондору: 03222 2-03-87

2031 15:24 15-10-2019

                 

Объявления

|< 1 2 3 4 >|