Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде 2019-жылдын 16-сентябрында “Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык факультеттин деканы кызматына шайлоо болуп өттү.
Чыгыш таануу жана тарых факультетинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышкан шайлоонун жыйынтыгында декандык кызмат орунга эч бир талапкер өтпөй калгандыктан конкурстук шайлоого чейин факульттин деканынын м.а. кызматына доцент Ж.С.Бөтөнөев дайындалды.
Ушундай декандык кызмат орунга шайлоо 2019-жылдын 17-сентябрында ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде болуп өттү. Факультеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышкан шайлоонун жыйынтыгында п.и.к., доцент Б.Б.Муратбаев Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы кызматына шайланды.
Ушул эле жылдын 18-сентябрында ОшМУнун Юридика факкультетинде да декандык кызмат орунуна шайлоо өттү. Юридика факультетинин жалпы профессордук-окутуучулук курамы катышкан шайлоонун жыйынтыгында декандык кызмат орунга эч бир талапкер өтпөй калгандыктан конкурстук шайлоого чейин факульттин деканынын м.а. кызматына факультеттин жарандык укук жана процесс кафедрасынын профессору Н.Б.Мурзубраимов дайындалды.