Haber

Табият таануу жана география факультетинин кызматкерлери Ургенч жана Каракалпак мамлекеттик университеттеринде болушту

2019-жылдын 8-14-сентябрь күндөрү ТТГФнын деканы, профессор Низамиев А.Г., экономикалык география жана эл аралык туризм кафедрасынын аспиранты Ергешова Г.А. Ерасмус+ программасынын «Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарын колдонуу менен кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу” аттуу долбоордун алкагында Өзбекстандын Ургенч жана Каракалпак мамлекеттик университеттерине илимий иш сапарында болуп келишти. Аталган окуу жайларында долбоор жана Болон системасынын өзгөчөлүктөрү боюнча окуулар өтүлдү. Ошондой эле аймактын тарыхый, географиялык жана экологиялык (Арал деңизинин жоголуусу жана анын кедергиси) өзгөчөлүктөрү менен таанышуу болду.

2338 12:22 18-09-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|