Haber

ОшМУда гранттык комиссия өз ишин баштады

Бүгүн, 8-июль күнү саат 8-00дө абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталып, бардык адистиктер боюнча айрылма таландорду таштоо процесси жүрүүдө.

“ОшМУда жети жылдан бери кабыл алуунун ачык-айкын уюштуруу багытында жүргүзүп жаткан иштери быйылкы кабыл алууда да ишке ашууда. Айта кетсек абитуриент тарабынан ташталуучу айрылма талондор атайын сканер аркылуу компьютерге киргизилип, ал дароо сыртка коюлган экрандарда жана интернеттеги университеттин http://www.oshsu.kg сайтындагы конкурстук абал деген бөлүгүндө онлайн-режиминде чагылдырылууда. Абитуриенттер өз позияциясын каалаган жерде интернет аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ”, -деди ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Алимбек Исмаилов.

Абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Билим берүү министрлиги бекиткен босого балл боюнча бюджеттик негизде билим алуу үчүн 110 балл, кошумча предметтери 60тан жогору, келишимдик негизде билим алуу үчүн негизги тести 110 баллдан жогорку абитуриенттерге конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Учурда айрылма талондорду таштаганы келген абитуриенттердин саны арбын болууда.

Кошумчалай кетсек, кабыл алуунун биринчи туру8-июль күнү башталса, 10-июль күнү саат 14-00 жыйынтыкталып гранттык комиссия тарабынан каралат, комиссия тарабынан сунуш кылынган абитуриенттер документтерин тапшырууга укук алышат.

Белгилей кетсек, учурда ОшМУда 19 факультет, 2 институт, 2 академия, 4 колледж, 6 гимназия, 2 окуу борбордо 30 000 ден ашуун студент, магистрант, докторант билим алууда.

5769 11:42 08-07-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|