Haber

ТТГФнын Туризм адистигинин мугалимдери менен студенттери туристтик иш-чарада.

“Дестинация Ош” коомдук бирикмесинин жана Ош шаарынын жана облусунун туризмди өнүктүрүү боюнча аймактык кеңешинин демилгеси менен 2021-жылдын 27-28-мартында Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы улуттук драмалык театрында Европа Бирлигинин, Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлиги (BMZ) "Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өнүгүүнү илгерилетүү" GIZ программасынын алкагында жана GIZ долбоорунун “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү” уюмдарынын колдоосу менен “КЫРГЫЗСТАН ЧЕКСИЗ УНИКАЛДУУ ӨЛКӨ! ИЧКИ ТУРИЗМДИ ЖАЙЫЛТУУ БОЮНЧА ЧЕЧИМДЕР” аталышында чоң иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын жана КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн туризмди өнүктүрүү боюнча аймактык кеңештеринин өкүлдөрү жана Ош шаарыбыздын жашоочулары менен коноктору катышышты. Көргөзмөгө келген коноктор 3D виртуалдык көз айнегин колдонуп, Кыргызстандын эң кооз жана кызыктуу жерлерин кыдыруу, жаркыраган кадрлар менен өлкөнүн бардык булуң-бурчтарын көрүү, ошондой эле заманбап шаймандар аркылуу өлкө жөнүндө билимдерин текшере алышты. Сувенирлерди жана колго жасалган түрдүү буюмдарды сатып алуу, кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн көрүү жана туристтик компаниялардын жарнамалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. ОшМУнун ТТГФда окуган 3-4-курстун студенттери жана айрым мугалимдери уюштуруучулар менен конокторду тейлөөнүн баардык кызматтарын аткарышты. Катышкан студенттерибиздин билимине, жогорку сапаттагы көрсөткөн кызматтары үчүн ыраазычылыктар айтылды жана жакынкы күндөрү сертификат тапшыруу аземи күтүлүүдө.
350 11:53 29-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|