Haber

ТТГФда туризм адистиги долбоорлор менен иштешүү аракетинде

Германялык HELVETAS уюму Кыргызстанда (азырынча Бишкек шаарында) “Гринтур Кыргызстан” долбоорун ишке ашырууда, уюм өлкөбүздүн башка региондорунда дагы бул долбоорду ишке ашыруу максатында Ош шаарында 3 күндүк семинар өткөрдү. Польшадан келген “Туруктуу туризм” боюнча эл аралык консультант Анула Галевска жана Гринтур Хельветас уюмунун “Гринтур Кыргызстан” долбоорунун Кыргызстандагы менеджери, эксперт Наргиза Кудайбердиевалар ТТГФда туризм адистигинде окуган студенттерге “Туруктуу туризмдин принциптери” аталышында конок лекцияда болушту. Студенттер жана адистикти окуткан окутуучулар менен кеңири форматта пикир алмашуу болду. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Андан сырткары, долбоор Ош шаарында ишке ашып калса, табият таануу жана география факультетинин туризм адистигинде окуган студенттерин долбоорго катыштыруу (башталышында ыктыярчылар катары) боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
222 16:33 12-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|