Haber

География адистигинин студенти, онлайн практикада 1-орунду ээледи.

Учурдагы пандемиялык кырдаалга байланыштуу окутуунун баардык түрлөрү, 2021-жылга чейин толук арлыктан өткөрүлүп жаткан. Университеттин жетекчилиги, практика башчылары менен биргеликте 2020-2021-окуу жылынын 1-семестрдинде 4-курстар үчүн “Кесиптик-профилдик практиканы” аралыктан өткөрүүдө, “Практиканын мыкты онлайн сабагы” конкурсун уюштурушкан эле. ОшМУга тиешеси жок, мектептердин алдыңкы (түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрү болгон) мугалимдердин курамынан турган, көз карандысыз калыстардын жыйынтыгы менен ТТГФнын география адистигинин 4-курсунун студенти Сапарбай кызы Эленура 1-орунду ээлеп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды. Студентти даярдап, усулдук жактан колдоо көрсөткөн Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу Ж.М.Султановго ыраазычылык билдиребиз!
264 12:23 17-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|