Haber

ТТГФнын туризм адистигинин жумуш берүүчүлөрүнө “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ” тапшырдык

Факультеттеги “туризм” адистигин даярдоодо Ош облусунун жана шаарынын аймагында жайгашкан туристтик ишкана-уюмдар менен кызматташууну жакшы жолго койуп келебиз. “27-сентябрь Бүткүл Дүйнөлүк туризм күнү” майрамы менен куттуктап жана жумуш берүүчүлөр катары биргеликте жумуш алып баргандыгыбыз үчүн, ошондой эле программанын эл аралык аккредитациядан жогорку уюшкандыкта өтүүдөгү көрсөткөн олуттуу салымдары үчүн айрым туристтик мекемелердин жетекчилерине, атап айтсак: «Ленин Пик» боз үйлөр лагеринин жетекчиси Нишанов Абдыразак Ахматович, “Дестинация Ош” коомдук бирикмесинин төрагасы Акматов Абдирасул Жамшитович, “Дестинация Ош” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Абдисаламов Бексултан Абдыкайымович, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Алиев Абдулкадыр Абсаматовичтерди факультетибизге чакырып, ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ тапшырдык. Аталган ишканалардын жетекчилери, ТТГФдагы туризм адистиги менен өнөктөш, стейкхолдерлер катары айрым маселелерди (НББП, стратегия ж.б.) чогуу талкуулап келүүдөбүз Мындан ары дагы биргелешип, жумуштарды аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
743 14:53 28-10-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|