Haber

ОшМУда “Ректордук бал”

Окуунун алдыңкылары үчүн 27- декабрь күнү Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында ОшМУнун ректорунун балы уюштурулду. Кызыктуу конкурстар, ыр-бий коштогон кечеге окуу жайдын ректору, проректорлору, декандар катышышты.

Кеченин жүрүшүндө жыл ичинде айырмаланган окуунун мыктылары, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан “Мыкты карновалдык кийим, “Кеченин ажарлуу айымы”, “Кеченин ханышасы”, “Кеченин мырзасы”, “Кеченин саркеч айымы”, “Кеченин саркеч мырзасы” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Майрамдык кечени жомок каармандары шаңга бөлөп, ырчы-бийчилердин концерттик программасы коштоду. Студенттерге ректорат жамаатынын атынан куттуктоо сөздөрү, жакшы тилектер айтылды.

2559 10:08 30-12-2017

                 

Haber

|< 1 >|