Haber

Китеп күйөрмандарга жарыя!

Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген “Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” деп аталган үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгына салымыбызды кошобуз! Сиздердин үй-бүлөлүк китепканаңыздарда өзүңүз, балдарыңыз, неберелериңиз окуп бүткөн китептерди илимий китепкананын 214-канасына алып келип белекке берсеңиздер болот. Китепкана кызматкерлери, Сиздер белекке берген китептерди, Ош шаарынын көчө китепканасына коюлат. Демек, шаардын жарандарына Ош мамлекеттик университетинин жарандарынан белеке берилмекчи.
1041 16:13 16-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|