Haber

Куттуктоо “27-Май Кыргыз Республикасынын китепканалар күнү”

Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын жамааттын, «КИРЛИБНЕТ» сайты боюнча Кыргызстандын 18 жогорку окуу жайынын китепкана жамааттын, «ИРБИС-64+» системи боюнча жакындан кызматташып жаткан Кыргызстандагы, чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын китепкана жамааттын, замандын талабына жараша автоматташтырылган жумушчу оруну менен иштөөгө шарт түзгөн ЭБНИТ Ассоциациясынын, аралыктан окумуштуулардын эмгектеринин топтомун түзгөн Кыргызстандагы Электрондук китепканалар ассоциациясынын, жалпы эле “Китеп- адамзаттын жан азыгы “ деген ураандын астында эмгектенген кесиптештеримди “27-Май Кыргыз Республикасынын китепканалар күнү” менен чын дилимден куттуктайм! Сиздердин үй-бүлөңөргө ырыскы-бакыт, элибизге бейпил турмуш, бакубат жашоо менен бирге мындан ары да ишибизде ийгиликтердин көп болушуна тилектешмин! Ош мамлекеттик университетинин Илимий китепканасынын директору Мамбетова С.С.
827 16:35 19-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|