Haber

ОшМУда «Жаштар – илим, искусство, маданият» айлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, конкурстардын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 19-декабрда ОшМУда “Көгүлтүр от” иш чарасынын алкагында «Жаштар – илим, искусство, маданият» айлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, конкурстардын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сыйлоо аземине катышкан ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, социалдык жана тарбия департаментинин директору Жылдыз Артыкова студенттерди кирип келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле сынактарга активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге баалуу белектерди тапшырды.

Алгач Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган эссе жазуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынакка келип түшкөн 40 эссенин ичинен маани-маңызы, идеянын оригиналдуулугу, ой жүгүртүүсүнүн креативдүүлүгү жагынан «эң мыкты» деп табылган төмөнкү студенттер сыйланды.

Факультеттердин ичинен Кыргыз-Россия факультетинин студенти Маматмусаева Турсунай 3-даражадагы диплом менен сыйланды.

621 11:12 28-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|