Haber

Англис тили курсуна катышуу үчүн резюме жөнөткөн катышуучулар тил билүү деңгээлин аныктоочу тесттен өтүштү

2021-жылдын 1-март күнү Ош мамлекеттик университетинин илим изилдөөчүлөрү (магистранттар) жана окутуучулары үчүн уюштурулган интенсивдүү англис тили курсуна катышуу үчүн резюме жөнөткөн катышуучулар тил билүү деңээлин аныктоочу тестен өтүштү. Катышуу үчүн 93 резюме келип түшүп, алардын ичинен 58и деңгээлдик тест тапшырды. Тестин жыйынтыгы менен Upper-Intermediate, Pre-Intermediate,Elelmentary тайпалары түзүлдү. Эскерте кетсек курс "Erasmus +" (Ерасмус+) программасынын алкагында “Harmonization And mutual Recognition of Master programmes in OccupatioNal and Environmental hEalth / HARMONEE” (Кесиптик саламаттыкты сактоо, айлана чөйрөдөгү магистрдик программаларды шайкеш келтирүү жана өз ара таануу) долбоорунун негизинде ишке ашып жатат. Англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды чет тилдүү маалымат булактары менен тааныштыруу, англис тилинде нускалуу макалаларды өз алдынча окуу, чет тилдик басылмаларга макала жазуу жана жарыялоо, эл аралык семинар, тренингдерге катышуу максатында уюштурулду. Төрт айлык окуу курсу акысыз болот. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга сертификат берилет. Erasmus Plus программасынын ОшМУдагы координатору Роман Калматовдун демилгеси менен уюштурулган англис тилин үйрөтүүчү окуу курсу эки жылдан бери ийгиликтүү өтүп жатат.
501 10:49 04-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 >|