Haber

ОшМУнун эки факультети Кытайдын Шинжаң педагогикалык университети менен кызматташат.

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультети жана Кыргыз-кытай факультети Кытайдын Шинжаң педагогикалык университетинин География жана туризм институту менен илимий долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду. Анын негизинде окуу жайлар “Маалыматтар менен аймактар аралык алмашуунун негизинде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремалдуу жаан-чачындардын прогнозу” долбоорун ишке ашырмай болду. ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин деканы Абдурашит Низамиев долбоордун алкагында аймактык климат жана жаан-чачындардын түшүү өзгөчөлүгү боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөрүн айтты. Аны менен катар академиялык алмашуу жана студенттерди окутуу маселелери да каралган билдирди.
252 22:34 20-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|