Haber

Кесипке багыт берүү иштери "БЭжС" ПЦКсы

БЭжС бөлүмүнүн окутуучулары Кесипке багыт берүү иштерин Өзгөн районунун төмөнкү мектептеринде жүргүзүп келишти.

2021-жылдын 29- апрель күнү Исаков К. Шерикова А. Кочорова Ж. Мамыржан кызы Э. Мырза-Аке айылындагы №34 Т.Машрапов, №3 М.Нурбаев, №20 А.Калмурзаев, К.Раимбеков гимназия мектептеринде жүргүзсө, Баетова Н. Стамбекова А. Сулайманкулова Ж. Ташалиева Ж. Ошол эле айылдагы №57 С.Мойдунов, №76 М.Разаков интернаты, №37 М.Сулайманов мектептеринде кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми 2021-жылдын 30- апрель күнү Райимбердиева Ж. Жороева А. Маманова Ы. Закирбаева Г. эжекелер Салам - Алик айылындагы №24 Ж.Бөкөнбаев, №79 Т.Бөрүбаев, №62 Ак-Терек, №32 Раибек Сатыбалды уулу, №63 М.Сагынова, Ж.Примкулов мектептеринде кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келишти.

Кесипке багыт берүү иштеринин алкагында ар бир мектептин 9-11-классынын окуучулары менен жоолугуп, бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосунда эмнелер эске алынуусу керек экендиги жөнүндө кеңештер берилди. Жолугушууда ФЮКтагы адистиктер, окуу акылары, студенттерге берилген жеңилдиктер, бүткөндөн кийин кайсыл жерлерде иштээри жөнүндө маалыматтар берилди. Андан тышкары ОшМУ жөнүндө да маалымат берилип, андагы адистиктер, студенттерге каралган шарттар, университеттин эл аралык байланыштары ж.б. маалыматтар айтылды.

192 14:02 06-05-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|