Haber

Ата – энелер чогулушу

2021 – жылдын 23 – март күнү Финансы –юридикалык колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана салык” ПЦКсы 2-3-курстардын студенттеринин ата - энелери үчүн “ Балдарды тарбиялоодо ата – эне , мугалим жана коомдун биргелите иш алып баруусу – мезгилдин талабы!” аттуу темада онлайн чогулуш өткөздү. Чогулушту бөлүм башчы К.Исаков ачып берди жана адиститердин окуу процессинин уюштурулушу жана окуу планына киргизилген дисциплиналар жөнүндө маалымат берди. Андан тышкары ПЦК төрайымы А. Стамбекова “ Заманбап били берүүдөгү маалыматтык технологияларды колдоно билүү” деген темада доклад окуду.

Ата – энелер ар түрдүү суроолорду беришип, окутуучулар менен чогу талкууланып, чогулуш 1.5 саатка созулду. Чогулушту уюштуруучу Г. Закирбаева жыйынтыктады.

313 15:48 25-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|