Haber

ОшМУнун улуттук жана эл аралык рейтингдерде катышуу боюнча семинар болуп өттү

Бүгүн Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде ОшМУнун улуттук жана эл аралык рейтингдерде катышуу боюнча семинар болуп өттү. Семинар ОшМУнун улуттук жана эл аралык рейтингдер бөлүмүнүн башчысы, э.и.к., доцент Э.Т. Камалов тарабынан уюштурулуп, “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги – 2021” улуттук жана “IAAR Eurasian University Rankings (IAAR EUR) – 2021” эл аралык рейтингиндеринин базасына маалыматтарды тиешелүү структуралык бөлүмдөр менен биргеликте иш алып баруу тажрыйбалары, “QS глобалдык рейтингинин критерийлери жана талаптары боюнча ОшМУнун беделин (репутациясын) көтөрүү маселелери”, “ОшМУнун интернет ресурстарындагы таасири көрсөткүчүн http://www.webometrics.info/ түрдүү платформаларда көтөрүү жана ошол иш-чараларда университеттин расмий сайтын жана корпоративдик почтаны колдонуу” жөнүндө айтып берди. Семинарга колледждин жалпы жамааты катышып, университеттин рейтингин көтөрүүдө алгылыктуу иш аркеттер жасаарын айтышты.
271 19:02 26-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|