Haber

ОшМУнун теология факультетинде Жаштар комитетинин төрагасын шайлоо өткөрүлдү

Көзөмөлдөөчү катары иш-чарага ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасынын орун басары жана факультеттин илимий иштер боюнча декандын орун басары Абдуганиев Асилбек катышышты. Шайлоо адилеттүү түрдө өтүп, бир добуштан Орозмамат уулу Төрөнияз теология факультетинин Жаштар комитетинин төрагасы болуп шайланды. Шайлодон соң Нооруз майрамына карата уюштурулган спорттук иш-чаларынын жыйынтык аземи болду. Алдыңкы орундарга жеткен студенттер акчалай жана дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыктарды факультеттин деканы З. Ажимаматов, декандын орун басары Ю. Доган, илимий иштер боюнча декандын орун басары А. Абдуганиев ОшМУнун «Ыйман» гимназиянын директору Т. Мехдиоглу тапшырышты. Иш-чаранын аягында факультеттин деканы З. Ажимаматов андан ары ден-соолук чындоо максатында спорттук иш-чаралар активдүү өткөрүлөрүн белгилеп кетти.
233 12:15 08-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|