Haber

2020-жылдын 28-майында ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата уюштурулган онлайн илимий—практикалык конференциянын «Орто Азиянын улуу аалымы Имам Матрудий жана анын окуусунун учурдагы актууалдуулугу» аттуу эл аралык онлайн конференциянын 12- секциясы.

2020-жылдын 28-майында ОшМУнун 80 жылдык юбилейине карата уюштурулган онлайн илимий—практикалык конференциянын «Орто Азиянын улуу аалымы Имам Матрудий жана анын окуусунун учурдагы актууалдуулугу» аттуу эл аралык онлайн конференциянын 12- секциясы болуп өттү. 12- онлайн секциянына баяндамачы катары Өзбекстан мамлекетинин Эл аралык Ислам академиясынын доценти, доктор Акилов Саидмухтор Саидакбарович «Матрудий аалымы Абул Муин ан-Насафинин «Бахр ал-Калаам» китебиндеги «байлык жана кедейлик маселеси»», Казахстан мамлекетинин Казак-Түрк Кожо Ахмет Ясави универститетинин Ясави изилдөө борборунун башчысы, профессору доктор Досай Кенжетай «Матрудий акыйдасынын Казак маданиятындагы орду», ОшМУнун теология факультетинин доценти, док. Козукулов Тимур Алимбекович «Ханафий Матрудийликтин Кыргыз коомчулугунда колдоого алынуусу», ОшМУнун теология факультетинин ага окутуучусу, док. Кадыров Медербек Акбаралиевич «Караханиттер мезгилиндеги Матрудийлик», ОшМУнун теология факультетинин доценти, док. Арипов Ниязали Турдалиевич «Куран аяттарын чечмелөө мисалында «Матрудийлик», Түркия мамлекетинин Анкара университетинин теология факультетинин профессор, доктор Сөнмез Кутлу «Имам Матрудийнин Ислам илимдеринин өнүгүүсүнө кошкон салымы» аттуу баяндамаларын сунушту. 12-онлайн секциянын модератору ОшМУнун теология факультетинин деканы, док. (PhD) доцент Ажимаматов Зайлабидин Касымович болду. Угуучу катары Түркия мамлекетинде магистратура жана докторантурада окуп жаткан теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү жана ОшМУнун теология факультетинин жалпы окутуучулары, студенттери, Арашан гуманитардык институтунун окутуучулары жана башка адамдар катышышты. Угуучулардын жалпы саны жетимиштен ашык болду. Баяндамалар бүткөн соң суроо-жооп жана кызуу талкуу болуп, жакшы каалоо тилектер менен секция жыйынтыкталды.
868 15:27 05-06-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|