Haber

ОшМУнун теология факультетине Малазия Ислам илимдер университетинен коноктор келди

ОшМУнун теология факультетинин окутуучулары жана студенттери, Малазия Ислам илимдер университетинин окутуучусу доцент, доктор Ирван Бин Махд Сабри жетектеген студенттер менен жолугушуу болду. Жолугушууда теология факультетинин деканы доцент, доктор З. Ажимаматов факультет жөнүндө кыскача маалымат берди. Андан соң Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары доцент, доктор Н. Арипов жана Ыйман фондунун жетекчиси доцент, доктор С. Мырзаибраимов Кыргызстандагы диний мекемелер жана диний билим берүү боюнча маалымат беришти. Жолугушууда Малазиянын Исламдашуу процесси жөнүндө кеңири маалымат бөлүшкөн доцент Ирван Сабри, теология факультети менен мындан ары тыгыз иш алып барууну баса белгиледи. Жолугушуунун аягында эки тараптын жетекчилери өз ара белектерин тапшырышты.

1064 21:13 30-10-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|