Haber

Медицина факультетинде студенттер менен жолугушу

12.11.2020-жылы "Дарылоо иши" адистигиндеги 1-курстун кыргыз жана чет элдик студенттери менен онлайн форматта жолугушу болуп өттү. Факультеттин деканы Исмаилов Алимбек Адылбекович, декандын " Дарылоо иши" адистигинин окуу иштери боюнча орун басары Тажибаев Максатбек Каримович, декандын контракт боюнча орун басары Абдраева Феруза Асылбековна, декандын тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары Гульжигитов Максатбек Гульжигитович менен студенттер жолугуша алышты. Медицина факультетинин деканы А.А.Исмаилов 1- курстун студенттерин дагы бир ирет куттуктап, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди. Онлайн форматтагы жолугушуда студенттерден көптөгөн суроолор келди. Тиешелүү декандын орун басарлары студенттерге канатттандыраарлык жоопторду бере алышты. Жолугушуга "Дарылоо иши" адистигиндеги 1-курстардын кураторлору да катышты. Онлайн форматтагы жолугушу ийгиликтүү өттү. Исмаилов Алимбек Адылбекович мындай жолугушулар мындан ары да уланып,байма-бай өткөрүп турарын билдирди.
675 14:45 13-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|