Haber

Медицина факультетинде онлайн сабактар өткөрүлүүдө.

Өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу орто жана жогорку окуу жайлар 16- марттан тарта окуу процессин онлайн режимде өткөрө баштаган. Медицина факультетинин Профессордук-окутуучулук курамы да студенттерге он-лайн режимде билим берүүнү колго алып, AVN системасындагы "Билим берүү порталына" теориялык сабактарын жүктөшүп, студенттерге сабак өтүп жатышат. AVN системасынан тышкары WhatsApp, Skype жана Zoom программалары аркылуу да онлайн сабактары уюштуруп, студенттер менен кайтарым байланыштарды өткөрүп келүүшүдө. Ошондой эле факультеттин доценти Кенешбаев Бекболот Капаевич студенттерге онлайн сабактардан сырткары, жеке Youtube каналын ачып, видео сабактарын жүктөп студенттерге билим берүүдө.

Эскерте кетчүү нерсе факультетте сабактар гана эмес, ар жумада боло турган административдик кенеш жана кафедралык отурумдар да онлайн Zoom программасы менен өткөрүлүүдө.

1094 22:22 02-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|