Haber

Энергетика кафедрасы өндүрүш жетекчилери менен тегерек стол өткөрдү

2017-жылдын 20-январь күнү саат 1000 дө ОшМУнун кеңешмелер залында Физика-техника факультетинин Энергетика кафедрасы тарабынан уюштурулган “Энергетика багытындагы адистерди даярдоодо окутуунун максаттары жана күтүлүүчү натыйжалар” деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо 640200 – “Электроэнергетика жана электротехника” багыты (магистр жана бакалавр программалары) жана 140212 – “Электр менен камсыздоо” адистиги боюнча (техник) билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жана негизги билим берүү программасындагы (НББП) компетенциялар менен окутуунун натыйжалары боюнча кызуу талкуулоо жүрдү. Тегерек столго “Ошэлектро”ААК, ОшПВЭС, ОшРЭС, ОшТЭЦ жана ОМП “Теплоснабжение” ишканаларынын жетекчилери катышышты.
4145 14:00 21-01-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|