Haber

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдоровичтин “Ийгилик булагы: мотив” аттуу китебинин презентациясы.

Бүгүн 2020-жылдын 12-февраль күнү Физика-техника факультетинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдорович “Ийгилик булагы: мотив” аттуу илимий, илимий-популярдуу эмгегин факультеттин окутуучуларына жана “Физика” профилинде окуган студенттерге сунуштап, ийгиликти жаратуу, мотивдин теориялык жана практикалык аспектилери, мотивди өркүндөтүү боюнча тренинг өткөрдү. Тренинг өтө кызыктуу жана жеткиликтүү деңгээлде өткөндүктөн, тренерге кызыктуу суроолор узатылды. Окутуучулар жана студенттер профессор Т.М.Сияевге өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти. Жыйынтыгында, Физика-техника факультеттин деканы т.и.к., доцент З.Ш. Айдарбеков өз сөзүндө жамааттын атынан С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Сияев Таштанбек Моңолдоровичке ыраазычылык билдирип, илимий ийгиликтерди каалады.
1036 16:54 12-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|