Haber

Сен бар үчүн дүйнө жарык аялзат.

Баардыгыбызды жаздагы жаңылануунун жарчысы-март майрамы узак кыштын күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды жарып чыккан гүлдөй көңүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненин мээримине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башыбызды ийип таазим этебиз. Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөз ар бирибиздин аң-сезимибизге терең ширелген. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган. Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзатты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт!!! Ошондуктан кеченин максаты-факультеттибиздеги эжекелерди, эже-карындаштарды жаркырап келе жаткан аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктоо.
1203 11:20 11-03-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|