Haber

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата студенттер арасында таймаш болуп өттү

ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын иш планы боюнча Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 12-декабрда котормо адистигиндеги студенттер арасында таймаш болуп өттү. Таймаш Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү англис тилинде аткарып беришти жана кыргыз, орус тилдеринен англис тилине которуу боюнча да сынак уюштурулду. Бул таймашка котормо адистигинин 2,3,4 курстарынын студенттери катышып, жеңүүчүлөр диплом жана Ч.Т.Айтматовдун китептери жана Делбирим тасмасына чакыруу баракчалары менен сыйланышты.
1276 11:21 15-12-2018

                 

Haber

|< 1 >|