Haber

Метод. кеңеш

1. 3-март күнү МИТфакультетинин "Мыкты окутуучу" конкурсунун катышуучусу, Программалоо кафедрасынын окутуучусу Абдирайимова Назигайдын лабораториялык сабагына (ПА-1-11тайпасы,"Программалоо тилдери жана трансляциялоо методдорунун теориясы" предмети) факультеттин деканы Асылбеков Т., программалоо кафедрасынын башчысы Сопуев А., метод кеңештин төрайымы Папиева Т. жана факультеттин метод кеңешинин башка мүчөлөрү катышышты. 2. 4-март күнү МИТфакультетинин "Мыкты лектор" конкурсунун катышуучусу, Программалоо кафедрасынын окутуучусу У. Молдояровдун лекциялык сабагына (ПА-1-11тайпасы, 3-парада "Берилгендерди түзүүнүн структурасы жана алгоритми" предмети) факультеттин деканы Асылбеков Т., ОшМУнун метод. кеңешинин координатору Папиев М., МИТ факультетинин илим боюнча декандын орун басары Артыкова Ж., программалоо кафедрасынын башчысы Сопуев А., метод кеңештин төрайымы Папиева Т., жана факультеттин метод кеңешинин башка мүчөлөрү катышышты. 3. 4-март күнү МИТфакультетинин "Мыкты окутуучу" конкурсунун катышуучусу, Математика жана информатиканы окутуунун усулдары кафедрасынын окутуучусу Авазова Элнуранын практикалык сабагына (3-ИА тайпасы,2-парада "Информатика боюнча класстан тышкаркы иштер" предмети) факультеттин деканы Асылбеков Т., МИОУ кафедрасынын башчысы Аттокурова А., метод кеңештин төрайымы Папиева Т. жана факультеттин метод кеңешинин башка мүчөлөрү катышышты.
4057 15:32 06-03-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|