Haber

МИТ факультетинде "Илим жумалыгынын жабылуу аземи" болуп өттү.

Бүгүн 29-апрель күнү ОшМУнун МИТ факультетинде "Илим жумалыгынын жабылуу аземи" болуп өттү. Илим жумалыгынын алкагында мамлекеттик ишмер Ж. Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине карата “Математиканын, информатиканын актуалдуу маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу V илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, 2021-жылдын 26-апрелинен 29-апрелине чейин уланды. 26-апрель "Студенттер жана окутуучулар күнү" деп аталып, 6 секцияда 71 студенттин, 10 окутуучунун илимий баяндамалары, 27-апрель "Магистранттар күнү" деп аталып, 7 секцияда 95 магистранттын, 28-апрель "Аспиранттар күнү" деп аталып 10 аспиранттын, жалпысынан 186 илимий баяндама угулуп, талкууланып, конференция өз максатына жетти. Секциялык иштеги мыкты баяндамаларга орундар боюнча тиешелүү I, II, III даражадагы дипломдор, китептер белекке берилди. Тайпалар арасында "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы, "Мен чилистен" интеллектуалдык оюну, "Мыкты видеосабак" конкурсу, Ж. Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган эмгектер («Улут сыймыгы»; «Элине өтөгөн эмгеги»; «Эскерүүлөр») конкурсу, "Мыкты илимий гезит" конкурсу өткөрүлүп, конкурстун жеңүүчүсү болгон тайпалар, о.э. факультеттик олимпиаданын жеңүүчүлөрү белек алышты. Жумалыкка активдүү катышкан студенттерге, окутуучуларга "Алкыш барагы", "Ыраазычылык каттар", сертификаттар ыйгарылды. Илим жумалыгынын жабылышы концерттик программа менен коштолду.

380 09:17 30-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|