Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине карата жана
“Математиканын, информатиканын актуалдуу маселелери жана алардын
колдонулуштары” аттуу V илимий-практикалык конференциянын алкагында:
1. "Акыл Ордо" интеллектуалдык таймашы (ИСТ(б)-1-20, ИСТ(б)-2-20,
ИСТ(б)-3-20, ИСТ(б)-4-20, ПОВ(б)-2-20) тайпаларынын арасында болуп өттү.
2. «Математика - илимдердин ханышасы» аттуу интеллектуалдык оюну
(МК(б)-1-18 жана МК(б)-1-17) тайпаларынын арасында болуп өттү. Оюндар абдан
кызыктуу уланып, студенттер команда менен активдүү катышышты. Оюн соңунда
жеңүүчүлөр аныкталды жана алар 29-апрель күнү Илим жумалыгынын жабылуу
аземинде ардак граматолор менен сыйланышмакчы.