Haber

Спартакиада жыйынтыгы: Шахмат боюнча МИТ факультети 2-орунду ээледи

Ош мамлекекеттик университетинин факультеттер жана колледждер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда 12-январдан тартып 16-январга чейин 1 жумага созулган спартакиада болуп өттү. Бүгүн 19-январь күнү спартакиада жыйынтыкталды жана жабылуу аземи болуп өттү. Бул мелдеште МИТ факультети спорттун шахмат түрү боюнча 2-орунду алды жана факультеттин “Жогорку математика” кафедрасынын окутуучу М.П.Жолдошбаев шахмат боюнча “Мыкты оюнчу” номинациясы менен сыйланды. Ошондой эле спорттун стол теннис түрү боюнча КИ жана ИК кафедрасынын улук окутуучусу Н.А.Артыкова жана баскетбол боюнча Д.И.Зулпукарова КМИжГД кафедрасынын доценти, п.и.к., мыкты оюнчу катары сыйланышты.

655 16:06 19-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|