Haber

МИТ факультетинде профессордук окутуучулук курам үчүн окуу курстары башталды

Ош МУнун окутуучулары тарабынан Квалификацияны жогорулатуу Институтуна (КЖИ) 400гө жакын заявкалар келип түштү. Окуу курстары жалпы угуучулар үчүн 11-январдан тартып Педагогика жана Психология (72 саат) багытында Педагогика жана дене тарбия, Эл аралык медицина факультеттеринин базасында, Информатика жана Программалоо (IT технология - 72 саат) багытында МИТФнин базасында, Англис тили (Тойфул 72 саат) багытында Дүйнөлүк тилдер факультетинин базасында, Экономика багытында Б ж-а М факультетинин базасында, Физика, Астрономия багытында ФТ факультетинин базасында башталат. Суроолор боюнча курстар өтүлүүчү факультеттердин деканаттарына, багыттар боюнча тийиштүү кафедраларына жана КЖИуна кайрылыңыздар.

Азыркы учурда МИТ факультетинде Информатика жана Программалоо багытында профессордук окуутучулук курамдын окутуучулары окуу курстарын 302-303-305-кааналарда окуп башташты.
614 13:26 12-01-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|