Haber

17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү онлайн режимде өткөрүлдү

2020-жылдын 17-ноябрында Математика жана информациялык технологиялар факультети студенттер күнүн онлайн режимде майрамдады. Майрамды алгач МИТ факультетинин деканы У.А.Сопуев куттуктоо сөзүн айтып, студенттердин окуусуна ийгилик жана тынымсыз аракет кылууну, ден соолукта болууну каалады. Жана ошондой эле мугалимдер, кураторлор дагы сөз сүйлөп, азыркы кырдаалга ылайык аралыктан болсо дагы билим алууну токтотпоону суранды. Майрамдык кечени декандын тарбия иштери боюнча орун басары жана Жаштар комитети уюштурду. Студенттердин майрамы менен куттуктап, өз таланттарын тартуулап, жагымдуу маанай менен онлайн режимде жакшы майрамдык кече болду.
876 21:30 18-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|