Haber

Илим жумалыгы Информатика кафедрасында

2020-жылдын 14-майында Информатика кафедрасында ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо» жылына арналган «САНАРИП ОКУТУУЧУ – САНАРИП СТУДЕНТ» аттуу on-line илимий жумалыгы өткөзүлдү.

Илимий жумалыкта « Экономикадагы колдонмо математиканын жана информатиканын маселелери » - III секциялык ишти кафедранын мүчөлөрү Д.И. Зулпукарова жана Абдималик кызы Нуржан жетектешти. Конференцияга кафедранын окутуучуларынын, магистранттардын жана студенттердин 12 илимий баяндамасы жасалды.

III секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган баяндамалардын ортосунда “Мыкты баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, орундар төмөнкүдөй болду: студенттердин арасында

I даражадагы диплом менен Арзыбек уулу Алымбек- ПИЭ(б)-1-16, “Anylogic программасынын жардамында Ош шаарынын кесилиш жолундагы кыймылды моделдештирүү”

Жетекчи: Садыкова Г.К. окутуучу


Магистранттардын арасында:

1-орун: Абдималик кызы Нуржан, – ПМИ(м)-1-19, “Электрондук окуулуктар − окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуучу каражат катары”

Жетекчи: п.и.к.,доцент Зулпукарова Д.И.

2-орун: Абдраим кызы Гулина ПИЭ(м) -1-18 «Өнүккөн өлкөлөрдөгү булут технологиясынын чөйрөсүндө чоң берилгендердин санариптик экономикасынын өнүгүүсүн анализдөө»

Жетекчи:Сайипбекова А.М.- ф-м.и.д., проф.


Аспиранттардын арасында:

1-орун: Шамшиева Г.А. – аспирант.“Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде”

2 – орун: Бекмурза уулу Ы. - аспирант.“Санариптештирүү жылында аралыктан окутуу”

Ошондой эле өздөрүнүн мыкты баяндамалары менен активдүү катышкан төмөндөгү магистранттар Информатика кафедрасынын Ардак Грамотасы менен сыйланышты:

1.Курманали кызы Аксана, ПМИ(м)-1-18 «Өзгөн күрүчүнүн сапатын жогорулатуунун илимий-техникалык негиздери»

Жетекчи: Арапбаев Русланбек Нурмаматович, ф.-м.и.к., доцент.

2.Жапарали кызы Мукадас, ПИЭ(м)-1-18, «Экономический анализ качество работы центра довузовский подготовки ОшГУ»

Жетекчи:Турсунов Д.А.- ф-м.и.д., проф.



Өткөзүлгөн он-лайн илим жумалыгына активдүү катышкан студенттер жана магистранттар кафедранын жана факультеттин ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.

1221 12:58 16-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|