Haber

2020-жылдын 15-майында Программалоо кафедрасынын илимий жумалыгы

2020-жылдын 15-майында Программалоо кафедрасында ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо» жылына арналган «САНАРИП ОКУТУУЧУ – САНАРИП СТУДЕНТ» аттуу on-line илимий жумалыгы өткөзүлдү.

Илимий жумалыкта «Экономикадагы ИСТ» - IV секциялык ишти кафедранын мүчөлөрү С. Тажикбаева жана Маткалык кызы Кымбат жетектешти. Конференцияга атайын чакырылган конок, программист-иштеп чыгуучу Кубаныч Тажмамат уулунун, кафедранын окутуучуларынын, магистранттардын жана студенттердин 23 илимий баяндамасы жасалды.

IV секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган баяндамалардын ортосунда “Мыкты баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, орундар төмөнкүдөй болду: студенттердин арасында

I даражадагы диплом менен Сыдыкбекова Батина Сыдыкбековна, ИСТ (б)-3-18, Hot Potatoes программасынын жардамында интерактивдүү тапшырмаларды жана тесттерди түзүү. Жетекчи: Абдирайимова Н., улук окутуучу

II даражадагы диплом менен Алишов Азирет Сайтмаматулы,

ИСТ (б)-3-19Р, Плюсы и минусы дистанционного обучения с точки зрения студента. Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу

III даражадагы диплом менен Орозова Сайкал Эрмаматовна, ФМОИ (б)-1-19, Delphi программасынын жардамында шахматтын доскасын түзүү.

Жетекчи: Токторбаев А., ф.-м.и.к., доцент

Магистранттардын арасында:

1-орун: Сопуев Акылбек Адахимжанович, ИСТ(м)-1-18, Ишкананын берилгендер базасын PhpMyAdmin жана MySQL каражаттары менен түзүү.

Жетекчи: ф.м.-и.к., доцент Сактанов У.А.

2-орун: Тохтабоев Мадиёр Комилжонович , ИСТ(м)-1-18, Использование модели Леонтьева разработке экономической системы производства продуктов.

Жетекчи: ф .м.-и.д., проф. Сопуев А.

3-орун: Насыров Хуршид Илхомович, ИСТ(м)-1-18, Батирлерди эсепке алуу жана контролдоо боюнча риэлтордук компаниянын сатуу бөлүмүнүн АИС-н проектирлөө. Жетекчи:ф.м.-и.к., доцент Сатаров А.Э.

Өткөзүлгөн он-лайн илим жумалыгына активдүү катышкан студенттер жана магистранттар кафедранын жана факультеттин ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.

1216 07:28 16-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|