Haber

ИТАС кафедрасындагы “САНАРИП ОКУТУУЧУ-САНАРИП СТУДЕНТ” аттуу илим жумалыгы

2020-жылдын 15-майында «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине арналган «Санарип окутуучу-санарип студент» аттуу эл аралык on-line илимий жумалык жана V илимий-практикалык конференциянын алкагындагы “IT технологиянын жаңылыктары” аттуу V секциясы ИТАС кафедрасынын улук окутуучу А.Д. Садановдун жетекчилиги, катчы улук окутуучу А.Т. Ажибекованын иш алып баруусу менен өткөрүлдү.

Алгач кафедра башчысынын м.а., доцент У.Д. Молдояров жалпы кесиптештерди жана студент досторду “Илим жумалыгы” жана рамазан айы менен куттуктады. Аларга ден соолук каалоо менен бирге илимий баяндамаларына ийгилик каалап, илим жумалыгынын жүрүшү жөнүндө баяндады. Секциянын төрагасы А.Д. Саданов бардык илим жумалыгындагы окутуучуларды жана студенттерди секциянын иш тартиби менен тааныштырып, регламентти айтып баяндамачыларга кезеги менен сөз берди.

Жалпы 4 окутуучу, 8 студент мазмундуу баяндама жасашты. Бардык баяндамачылардын баяндамалары угулуп, талкууланып төмөнкүдөй

токтом кабыл алынды:

1 даражадагы диплом менен

1. Бактыбек уулу Шайырбек – «Возможности технологии WebGL и BABYLON.js и их внедрение в современную образовательную систему» (группа ПОВ(б)-1-19, руководитель: доцент Атырова Р.С.).

2 даражадагы диплом менен

2. Замирбекова Сыймык – «Цифровизация в системе здравоохранения КР» (группа ИЗ(б)-1-17, руководитель, ст. преп. каф. ИТАС Акматалиев Ж.);

3 даражадагы диплом менен

3. Юсупов Бекназар – «On-line сабак даярдоонун технологиялары» (АС(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: ИТАС каф. доценти Беделова Н.С.);

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн ИТАС кафедрасынын “Ыраазычылык каты” менен Каныбек уулу Мелис, Абдулхаят уулу Максатбек, Азимжан уулу Мамазулум, Маматиса кызы Арапакан, Мирзоахматов Шахзод сыйланат.

1167 17:47 15-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|