Haber

"Санарип окутуучу - санарип студент" илим жумалыгындагы "МИОТжББМ кафедрасынын секциялык иштери

МИТ факультетиндеги «Санарип окутуучу – санарип студент» аттуу илим жумалыгынын алкагында МИОТжББМ кафедрасында окутуучулардын, студенттердин, магистранттардын жана аспиранттардын илимий баяндамалары угулуп талкууланды. 2020-жылдын 12-майында, саат 14:00-16:30 га чейин «Математика жана информатиканы окутуунун усулу жана ББМ» аталышындагы I секциясында кафедранын доценттери А.О. Келдибекова жана Ш.Д. Оморовдордун жетекчилиги менен илим күнү өткөрүлдү. I секцияга катышкандардын саны - 33, алар кафедранын аспиранттары, “Билим берүүдөгү менедмент” магистрдик программасынын МТО(м)-1-18, МТО(м)-1-19 тайпаларынын магистранттары, математика жана информатика профилдеринин МК(б)-1-16, МК(б)-1-18, ИК(б)-1-16, ИК(б)-1-17 тайпаларынын студенттери жана аспиранттар. Катышуучуларды каттоо Google формада жүргүзүлдү.

Секцияда студенттердин, магистранттын, аспиранттардын баяндамалары угулуп жана талкууланып, магистранттар боюнча төмөнкүдөй байгелүү орундар берилди:

1-орун: Закиров Искандар – «Влияние интернет ресурсов на формирование позитивного опыта обучения школьников» (группа МТО(м)-1-18, руководитель, доцент Келдибекова А.О.);

2-орун: Кадырова Акмаанай – «Становление и развитие документационного обеспечения управления образовательным учреждением. Мониторинг» (группа МТО(м)-1-18, руководитель, к.п.н., проф.: Алтыбаева М.А.);

3-орун: Уристамбек кызы Уулкан – «Математика мугалиминин кесиптик компетенттүүлүгүн моделдештирүү» (ФМО(м)-1-18 тайпасы, жетекчиси, доцент: Аттокурова А.Дж).

Студенттер арасындагы баяндамалардан:

1-орун: Эркинбек кызы Таңсулуу – «И. Бекбоевдин өмүр жолу жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү» (МК(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Оморов Ш.Д.);

2-орун: Сатыбалдиева Гүлзина – «Google сервистеринин мүмкүнчүлүктөрү» (ИК(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Авазова Э.Т);

3-орун: Асанова Мээримгүл – «Математика сабагында интерактивдүү досканы колдонуу» (МК(б)-1-18 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Авазова Э.Т.).

1169 10:26 13-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|