Haber

19-апрель, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети "Чыгыш өлкөлөрүнө саякат - 2021" жарманкесин уюштурушту.

19-апрель, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультети "Чыгыш өлкөлөрүнө саякат - 2021" жарманкесин уюштурушту. ОшМУнун башкы имаратынын алдында ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Чыгыш таануу кафедрасынын жана ОшМУнун Чыгыш таануу илимий-изилдөө институтунун уюштуруулары менен "Чыгыш өлкөлөрүнө саякат - 2021" жарманкеси Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын катышуусунда болуп өттү. Жарманкеде чыгыш (араб, түрк, фарси, корей, япон, кытай) элдеринин тамактары, ыр-бийлери мектеп окуучуларына сунушталды. Жарманкени ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков ачып, мектеп окуучуларына окуу жайыбыздын жетишкендиктери жана окуу жайдагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кыскача маалымат берди. Төкмө акын Идрис Айитбаев окуу жайыбыздагы бир адистикттер тууралуу ырдап келип, Чыгыш таануу адистигинин башка адистиктерден өзгөчөлүгү жана келечеги жөнүндө даназалап ырдады. Иш-чарага Ош шаарындагы мектептерден 400дон ашуун окуучулар келип катышышты.
148 10:21 20-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|