Haber

15-февраль, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде т.и.д., профессор О.К. Каратаев конок-лекция окуду.

15-февраль, 2021-жыл. Чыгыш таануу жана тарых факультетинде т.и.д., профессор О.К. Каратаев конок-лекция окуду. Чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери үчүн Түркиянын Кастамону мамлекеттик университетинин профессору О.К. Каратаев “Кыргыздардын руникалык жазуусунун тарыхынан” деген темада офлайн конок лекция окуп берди. Лекцияда кыргыз жазуусу боюнча чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрү, тастыктоолору, пикирлери жана аны чечмелеп окуудагы көйгөлөр боюнча кенен маалымат берилди. Студенттер тарабынан тарабынан көптөгөн суроолор берилип, кенен баарлашууга шарт түзүлдү. Атайын убактысын бөлүп, келип лекция окуп берген профессор О.К. Каратаевге факультеттин атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да кызматташтык уланат деген ишеничтебиз.
623 08:49 16-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|