Haber

22-май, 2020-жыл. ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан «Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?» аттуу маалымат жыйын уюштурулду.

ОшМУнун 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан «Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?» аттуу маалымат жыйын уюштурулду. Иш-чара 22-майда саат 15:00дө Zoom аркылуу он-лайн форматта өттү жана төмөнкү шилтеме менен кирилди: https://us02web.zoom.us/j/9384458522. Жыйында ОшМУнун чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттери презентацияларды жасашып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бөлүм башчысы, доц. С. М. Амиралиев “Академиялык мобилдүүлүк – чет өлкөгө чыгуунун терезеси” деген темада доклад окуду. Анда студенттер жана окутуучулар үчүн мобилдүүлүк программалары боюнча кенен маалымат берилди. Анда чыгыш таануу жана тарых факультетинин атынан 2-курстун студенти Келдибек кызы Акмарал (Түркия, Кастамону университети) баяндама жасады.
947 16:09 22-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|