Haber

Ата-энелер менен жолугушуу

Бүгүн Ош МУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинде 550700 "Башталгыч билим берүү" адистигинде окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты окуу жай менен ата-энелердин ортосундагы тыгыз байланышты түзүү, алардын ой-пикирин угуу, окуу жай менен кыскача тааныштыруу. Чогулуш 18-февраль күнү саат 14:00 дө 121-каанада башталды. Декандын окуу иштери боюнча орун басары А.Багышев жана 550700 "Башталгыч билим берүү" адистиги боюнча программа жетекчиси Т.Тойчуевдер ата-энелердин суроолоруна кенен жооп беришти. Атайын даярдалган сурамжылоо баракчаларын толтурушуп, жалпысынан жолугушууга 60 дан ашуун ата-эне катышты. Жолугушуунун акыркы бөлүгү экскурсия менен жыйынтыкталды. Келген ата-энелер факультеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. Спрот комплекс, интерактивдүү аудиториялар заман талабына жооп берерин белгилеп айтып, ыразычылыгын билдиришти. Негизинен бул жолугушууга алыс жакын дебестен ар тараптан келип катышып беришти.
1087 17:25 18-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|