Haber

Абитуриенттердин эсине!

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 22, 40-беренелерине ылайык жана КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы №256 токтому менен бекитилген “Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен КРнын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу жөнүндөгү” Жобонун негизинде быйылкы жылы абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Жогорку окуу жайларына кирүү үчүн конкурска катышууга окутуунун формаларынан көз карандысыз (бюджет, күндүзгү, кечки/сырткы) абитуриент негизги тест боюнча 110дон, ал эми предметтик тесттерден 60тан кем эмес балл топтошу керек. Конкреттүү адистиктер боюнча кабыл алуунун планына ылайык, эң жогорку балл алган абитуриенттер конкурстун жыйынтыгы боюнча 1-курска кабыл алууга сунушталат. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги
4814 14:54 27-05-2015

                 

Haber

|< 1 2 >|