Haber

"Жаштарды илим билимге жана маданиятка тартуу"

ОшМУнун ректору К.Г Кожобековдун буйругуна ылайык 2020-жыл ноярбрь «Жаштарды илим билимге жана маданиятка тартуу» айлыгы деп жарыяланган. Ушул айлыктын алкагында Дуйнолук тилдер жана Маданият факультетинин Тарбия департаментинин жана Америка жана котормо таануу кафедрасынын демилгесинин негизинде кафедранын кесиптик озгочолугун эске алуу менен 2-курстардын арасында “Kyrgyzstan - Infinitely unique” темасындагы Мыкты гид-котормочу конкурсу 2020-жыл 4-ноябрь куну саат 14:00 до откорулду. Бул иш-чара Zoom платформасы аркылуу онлайн турдо откорулду. Конкурсту ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректору Артыкова Жылдыз Абдисаламовна бет-ачар созу менен ачты. Андан кийинки кезекте Дуйнолук тилдер жана Маданият факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыкадырова Сюита Рыспаевна жана Америка жана котормо таануу кафедрасынын кафедра башчысы Аипова Гулзат Букаралиевна соз суйлошту Конкурска 2-курстун гид-котормочу курсун окуган студенттер оз тапшырмаларын алдын-ала жиберишкен. Алардын ичинен 5 мыкты студент тандалып, алар Мыкты гид-котормочу наамына биринчи, экинчи, учунчу орундарга ат салышты. Иш чара 3 этаптан туруп, 1-этапта катышуучулар оз презентацияларын Кыргызстандын корунуктуу жерлери боюнча тандап алган темалары боюнча коргоп беришти. 2-этапта катышуучулар кесиптик, кырдаалдан чыгуучу жана котормо боюнча суроолорго жооп беришти. Атайын шайланган калыстар тобунун курамына кафедра башчысы, ф.и.к, доцент Аипова Гулзат Букаралиевна, Беккулова Дарика Курсанбековна, Ибраимова Сатина Чыныбековна, тарбия иштери боюнча декандын орун басары Абдыкадырова Сюита Рыспаевна кошулушту. Упайлар боюнча эсепчи жана ушул конкурстун идеясын берген Каримова Жылдызкан Үсөновна болду. Конкурсту баштан-аяк уюштуруп, аткаруу иштерин жетектеген кафедранын тарбия иштери боюнча жооптуу Эркинов Мирбек Мухтарович болду. Мирбек агайга чон ыраазычылык билдиребиз. Конкурска катышкан студенттер томонку орундарга ээ болуп диплом менен сыйланышты. 1-орун Гулзат Мыктардин кызы АПР 2-19 «Сары Челек» 2-орун Жумабай кызы Калыс АПК 1-19 «Арсланбоб» 3-орун Комила Абдуллаева АПРК 3-19 «Сулайман Тоо» 3-орун Абдисатар к. Уммүжамил АПРК 1-19 «Токтогул паркы» 3-орун Айчолпон Жусупбек кызы АПРК 2-19 «Алтын Арашан» Бул иш-чара мындан ары мындан да жогорку денгээлде откорулуп, окуу процесси оз жолуна тушуп, карантин буткондо корунуктуу жерлерге гид-котормочу студенттер менен саякат уюштуруу демилгесин Эркинов Мирбек Мухтарович агайыбыз которду. Буйруса бул жакшы саамалык дагы-да улана бермекчи.
672 13:54 06-11-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|