Haber

УЛУТТУК АДАБИЯТ күнү

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 12-декабрь УЛУТТУК АДАБИЯТ күнүнө карата он-лайн баарлашуу болуп өттү. Иш-чарага Андижан мамлекеттик университетинин доценти, филология илимдери боюнча философиянын PhD доктору Темирова Махбуба Алибековна жана КРдин билим берүүсүнүн отличниги, Даткайым орденинин ээси, филология илимдеринин доктору, профессор Темирова Бактыгүл Тажибаевна конок болуп катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө алгач аталган факультеттин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Турганбаев Нурмамат Орозович сөз сүйлөп, мугалимдерди, студенттерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Андан соң иш-чаранын ардактуу коноктору УЛУТТУК АДАБИЯТ жөнүндө элдик оозеки чыгармачылык менен кыргыз профессионал адабиятын айкаштырып мазмундуу баяндама жасап беришти. Иш-чарага аталган факультеттин окутуучулары жана студенттер катышты. Аталган иш-чарада модератор ЖАШТАР КОМИТЕТИНИН төрайымы Канатбек кызы Райхан болду.
574 14:46 12-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|