Haber

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинде "Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?" аттуу маалымат жыйыны болуп өттү

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинде "Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?" аттуу маалымат жыйын өткөрдүк. Көптөгөн студенттер катышып, сапарга чыгуу тууралуу пайдалуу маалыматтарга ээ болушту, эң башкысы, студенттер 1 саат убакытын текке кетиришкен жок. Бул факультетте башка окуу жайга барып окуп келүү дегенде, ишкен ашын жерге койгон студенттердин саны арбын. Бүгүнкү күндө көпчүлүк студенттери чет өлкөдө билим алып жүрүшөт, өзү математиктер өзгөчө болушат, алардын илими – илимдердин ханышасы. Катышкан ар бир студент жок дегенде беш өлкөгө барып билим алып келишине ак ниеттен тилек кылып, жыйынды жыйынтыктадык. Иш-чараны уюштурууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн деканатка жана Гүлмира эжекеге терең раазычылык билдиребиз.
3206 16:14 29-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|