Haber

Борбордук Азия университеттеринин жыйыны Иранда болуп өттү

Урматтуу достор! Иран өлкөсүнүн Ардабиль шаарындагы Мохагег университетинде 15-16-ноябрда болуп өткөн Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын алгачкы генералдык ассамблеясынын “Жогорку билим берүүдөгү интернационалдашуу” аттуу жыйынына ОшМУнун атыдан барып катышып келдим. Бул эл аралык форумга ассоциацияга кирген 60 университеттердин (Баку мамлекеттик университети, Синзянь университети, Тажик мамлекеттик университети, Мустафа Кемал университети, Тебриз университети ж.б.) ичинен 36 университеттин өкүлдөрү келип катышып, пикир алмашышты. Кыргызстандан мен жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен проф. Капалбаев Октябрь катышты. Жыйында негизинен ассоциациянын жобосу талкуулоо менен кабыл алынып, төмөнкүдөй маселелер каралды:


- аткаруу комитетинин курамы жана ишкердиги;


- окутуучулардын жана студенттердин академиялык алмашуу программалары;


- биргеликте иштелип чыккан магистрдик программалар;


- эл аралык студенттик кеңешти түзүү;


- жайкы мектептерди, лагерлерди жана окуу курстарын уюштуруу;


- ассоцияциянын вебсайтын жана логотибин талкуулоо ж.б. көптөгөн актуалдуу маселелер.


Мындан сырткары Ардебиль шаарынын туристтик жайларына, зоопаркына жана тарыхый-музей комплексттерине зыярат кылуу сыяктуу социалдык багыттагы иш-аракеттер жүргүзүлдү. Эң башкысы, “Персия булуңунун тарыхый картасы” деп аталган көргөзмөдө 36 университеттин өкүлдөрүнө ордендүү, ордолуу ОшМУну тааныштырып, кыска-нуска, рекламалык ширелүү маалыматтарды берип, буклеттерди, визиттик карталарды таркатууга жана башка окуу жайлардан да ушундай эле маалыматтарды алууга жана алардын башчылары менен көзмө-көз сүйлөшүп, келечекте биргеликте ишке ашуучу перспективалык иш-аракеттердин пландарын талкуулоого жетиштим. Университеттин атынан жоопкерчиликтүү жүктү жонума жүктөп жибергендиктери үчүн жожубуздун жетекчилигине чоң рахматымды жолдоймун.

2503 14:07 20-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|